Зилалиев штаб жетекчилигинен бошоду

Зилалиев штаб жетекчилигинен бошоду
21-Сен. 2017, Бейшемби, 11:33

Вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө уюштуруу жана техникалык маселелер боюнча шайлоо комиссиясына жардам берүү боюнча республикалык штабдын жетекчилигинен бошотулду.

Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков Зилалиевге эскертүү берип, ордуна вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду дайындаганын өкмөттөн билдиришти.

Буга кечээ Зилалиев шайлоого карата даярдыктын жүрүшү тууралуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына жасаган иш сапарында бийлик тарабынан сунушталган талапкерди колдоого мамлекеттик кызматкерлерди үндөгөнү себеп болгон.

Эскерте кетсек, күн мурун Баткен облусунда Зилалиев шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен таанышып жатып, активге “суу ичкен кдуугуңарга түкүрбөгүлө, мамлекеттен айлык алып жаткандан кийин бийлик көрсөткөн талапкерди колдогула”,-деген үгүтун ачык билдиргени социалдык желелерде кескин сындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!