МКК БШКга шайлоочулардын тизмесин өткөрүп берди

МКК БШКга шайлоочулардын тизмесин өткөрүп берди
22-Сен. 2017, Жума, 09:29

Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоого карата шайлоочулардын такталган тизмесин Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берди.

МККнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, 20-сентябрга карата шайлоочулардын тизмеси 2 млн. 973 миң 525 жаранды түздү. Бул август айында БШКга берилген тизмедеги көрсөткүчкө караганда 58 миң 937 кишиге көп.

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардан www.shailoo.srs.kg сайты аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактоону суранат. Ошондой эле 119 номуруна чалып, же болбосо уюлдук телеофон аркылуу 119 номуруна жеке идентификациялык номурун кошуп жазып смс жөнөтүү менен да тактоого болорун аталган мекеме эскертет.

Ал эми биометиркалык маалымат тапшырбаган 800 миң жаран шайлоодо добуш бере албайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!