Президент шайлоого карата даярдыкты талкуулады

Президент шайлоого карата даярдыкты талкуулады
25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 12:35

Бүгүн, 25-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен вице-премьер министр, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Темир Жумакадыровду кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкө жетекчиси келерки айда боло турган президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү, техникалык жабуулардын камсыз кылынышы тууралуу маалымат алды.

Президент Атамбаев өкмөт менен БШК ачык-айкын, таза шайлоону өткөрүү боюнча бардык чараларды кабыл алууга тийиш экенин, жарандарга шайлоо күнү бардык шарттарды түзүп бериши керектигин эскертти.

Ошондой эле административдик ресурстарды колдонуу, жарандардын добушун сатып алуу сыяктуу мыйзамга каршы кадамдар боюнча билдирүү түшсө, ыкчам реакция кылуусу керектигин белгиледи.

“Алдыдагы шайлоонун өлкө стабилдүүлүгүн сактоо, мындан ары өнүгүүдө Кыргызстан үчүн тарыхый мааниси чоң. Ошондуктан шайлоону болушунча таза, ачык-айкын өткөрүп, эл арасында, талапкерлер арасында кандайдыр бир нааразы түкшүмөлдөрдү жаратпашы керек”,-деди президент Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!