Исаков иш сапары менен Россияга барат

Исаков иш сапары менен Россияга барат
27-Сен. 2017, Шаршемби, 12:22

Өкмөт башчы Сапар Исаков 29-сентябрда эки күндүк расмий иш сапары менен Россияга барат.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Исаков иш сапары учурунда россиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолугушат.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык багытта сүйлөшүүлөр жүрөт.

Белгилей кетсек, өлкө эгемендик алгандан бери Исаков биринчи жолу расмий иш сапары менен Россияга барганы жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!