ЖК чек ара боюнча келишимди жабык карап жатат

ЖК чек ара боюнча келишимди жабык карап жатат
28-Сен. 2017, Бейшемби, 12:59

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселесин жабык талкуулап жатат.

Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева социалдык тармактардын биринде билдирди.

Эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча келишимдин долбоору өткөн аптада да жабык каралып, биринчи окууда колдоо тапкан.

Чек ара боюнча мыйзам долбоору парламент депутаттары тарабынан ратификацияланган соң, келерки айдын башында президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасай турган расмий иш-сапарында эки өлкө башчыларынын кол коюсу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишим өзбек президенти Шавкат Мирзиеёевдин расмий Бишкекке жасаган иш-сапары учурунда кабыл алынган. Анын негизинде эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин 85 пайызы такталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!