Исаков Россияга барды

Исаков Россияга барды
29-Сен. 2017, Жума, 16:09

Премьер-министр Сапар Исаков Россияга иш сапары менен барды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кыргыз өкмөт башчысын Москва шаарынын Внуково Эл аралык аэропортунда Кыргызстандын Россиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Россиянын КМШ өлкөлөрүнүн үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник ардактуу кароол ротасынын катышуусунда тосуп алышты.

Премьер-министр визит алкагында Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев жана Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Андан тышкары окмөт башчысынын белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу, Сколково инновациялык борборунун иши менен таанышуу, Москва шаарынын «Коопсуз шаар» мамлекеттик программасын көрүү, ВДНХ аймагында жайгашкан Кыргызстан павильону менен таанышуу жана Muras Clinic медициналык борборунун ачылышына катышуусу күтүлүүдө.

Андан соң Сапар Исаков Россияда жашаган мекендештер жана кыргыз диаспорасынын башчылары менен жолугушат.

Белгилей кетсек, 1991-жылдан бери өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өкмөт башчы катары Россияга барып жаткан расмий иш сапары болуп эсептелет. Буга чейин өкмөт башчыларынын бардык иш сапарлары жумуштук маанини түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!