Президенттикке талапкерлердин дебаты башталат

Президенттикке талапкерлердин дебаты башталат
3-Окт. 2017, Шейшемби, 09:48

Бүгүн, 3-октябрдан тарта коомдук биринчи каналда президенттикке талапкерлердин дебаттарынын биринчи бөлүгү старт алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, дебаттардын графиги чүчүкулак аркылуу аныкталган.

Ага ылайык, президенттикке талапкерлер кайсы күнү, кайсы атаандаштары менен дебатка чыгарын маалымдайбыз:

3-октябрь:

Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров

4-октябрь:

Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев Өмүрбек Бабанов

5-октябрь:

Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев, Улукбек Кочкоров

Дебаттардын экинчи бөлүгү 11-12-октябрга белгиленген.

11-октябрь:

Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов

12-октябрь:

Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков

Белгилей кетсек, дебатта ар бир талапкерге 20 мүнөттөн убакыт берилет.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда 12 талапкер үгүт иштерин жер-жерлерде жүргүзүп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!