Бюллетендердин биринчи агымы аймактарга жиберилди

Бюллетендердин биринчи агымы аймактарга жиберилди
4-Окт. 2017, Шаршемби, 10:20

Борбордук шайлоо комиссиясы облустардагы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендердин биринчи агымын жөнөттү.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусуна 544 миң 795, Ош облусуна 588 миң 948 жана Баткен облусуна 24 миң 263 бюллетень жөнөтүлгөн.

Бүгүн, 4-октябрда Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарына шайлоо бюллетендери жеткирилмекчи.

Добуш берүү баракчалары «Учкун» мамлекеттик ишканасында басылып, жалпы 3 млн. 31 миң 811 бюллетень даярдалган. Алардын 2 млн. 461 миң 219у кыргыз тилинде, 570 миң 592 бюллетень орус тилинде басылган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бюллетендер аймактык шайлоо комиссияларына шайлоого 10 күн калганда, ал эми участкалык шайлоо тилкелерине 3 күн калганда жеткирилмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!