Жарым жолдон кайткан талапкерлердин күрөө акчасы кайтарылат

Жарым жолдон кайткан талапкерлердин күрөө акчасы кайтарылат
4-Окт. 2017, Шаршемби, 10:31

Президенттик шайлоого катышууга ат салышып, бирок жарым жолдон артка чегинген талапкерлердин күрөөгө койгон акчасы кайтарылып берилет.

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы күн мурун өткөн жыйынында чечим кабыл алганын БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Турсунбек Акунга күрөөгө койгон 650 миң сому кайтарылып берилет. Ал эми, Ахматбек Келдибеков, Кубан Чороев, Канат Исаев жана Исхак Масалиевдердин 1 миллион сом каражаттары кайтарылат.

Аталган талапкерлер белгилүү себептерден улам президенттик шайлоодон четтетилген.

Белгилей кетсек, президенттик жарышка адегенде 59 адам арыз жолдоп, кийин түрдүү себептер менен жарыштан четтетилип олтуруп учурда 12 талапкер ат салышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР