ИИМдин мурдагы башчысы депутат болду

ИИМдин мурдагы башчысы депутат болду
5-Окт. 2017, Бейшемби, 09:58

Мурдагы ички иштер министри жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдиргендей, ушул эле партиядан депутат болуп иштеп турган Нургазы Нишанов "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын башкы директору болуп дайындалгандыгына байланыштуу орду бош калган. Партиядагы тизме боюнча 65-орунда турган Рысалиев турган.


Нургазы Нишановду "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасына жетекчи кызматына дайындоо тууралуу буйрукка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!