Исаков кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Исаков кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү
5-Окт. 2017, Бейшемби, 10:07

Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын телефондук сүйлөшүусү президент Алмазбек Атамбаевдин кошуна өлкөгө жасай турган расмий сапары тууралуу болду.

Мындан сырткары эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулары талкууланды.

Бүгүн, 5-октябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга эки күндүк расмий иш сапары башталды.

Иш-сапардын учурунда мамлекет башчылар эки өлкөнүн чек ара тилкесинин такталган бөлүгү тууралуу келишимге кол коюшмакчы. Ошондой эле кайра иштетүү жаатындагы жана ЕАЭБге мүчөлүктүн алкагында логистикалык борборлорду ишке киргизүү боюнча маселелер каралып, "Ааламдашуунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу" аталышындагы бизнес-форум өтөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!