МКК: шайлоочулардын үчтөн бири тизмеден өздөрүн тактады

МКК: шайлоочулардын үчтөн бири тизмеден өздөрүн тактады
5-Окт. 2017, Бейшемби, 10:21

Жалпы шайлоочулардын үчтөн бири өздөрүн тизмеден текшерди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, 10-августтан 3-октябрга чейинки аралыкта 3 миллиондон ашуун шайлоочулардын 1 миллиону тизмеден өзүн текшерди.

Жарандар өздөрүн тизмеден shailoo.srs.kg сайты, 119 кыска номерине билдирүү жиберүү жана 119 номерлүу сурап-билүу телефону аркылуу такташкан.

21-сентябрдан 4-октябрга чейинки аралыкта 119 номерине СМС билдирүү аркылуу 231 миң 233 кайрылуу жолдонгон. МККнын “Шайлоо аналитик” порталына киргендердин саны кескин өсүп, бир ай ичинде 50 миңге жеткен. Бул көрсөткүч өткөн айларга салыштырмалуу 2 эсеге көп.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!