Теледебаттардын экинчи туру башталат

Теледебаттардын экинчи туру башталат
11-Окт. 2017, Шаршемби, 10:06

Бүгүн, 11-октябрда президенттикке талапкерлердин теледебаттарынын 2-туру башталат.

Дебаттар коомдук биринчи каналда түз эфирде кечки саат 21.00дөн 23.50гө чейин болот.

Бүгүн талапкерлер Токтайым Үметалиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров жана Өмүрбек Бабанов чыгат.

Эртең, 12-октябрда болсо Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Темир Сариев, Арсланбек Малиев жана Сооронбай Жээнбеков катышат.

Президенттик шайлоого төрт күн калды. Учурда 11 таалпкер ат салышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!