Депутат китептерди КНСтен бошотууну сунуштады

Депутат китептерди КНСтен бошотууну сунуштады
16-02-2017

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев китептерди кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштап жатат. Аталган сунушту депутат бүгүн, 16-февралда Жогорку Кенештин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, өлкөдө англис жана орус тил китептерин кошумча нарк салыктан бошотулушу керек.

Ал тийиштүү кызматтарга буга канча каражат керектелерин эсептеп чыгууну сунуштады.

“Өлкөдө мамлекеттик тилде чыгарылган китептер гана салыктан бошотулган”,- дейт Бекешев.

Шаххан Мырзабеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!