Кайсы облуста канча шайлоо участкасы уюштурулду?

Кайсы облуста канча шайлоо участкасы уюштурулду?
14-Окт. 2017, Ишемби, 09:35

Эртең, 15-октябрда шайлоо күнү Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участкасы ачылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык шайлоо системасын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кайрат Абдилатов билдиргендей, өлкө аймагындагы шайлоо участкалары калктын санына жараша бөлүштүрүлгөн.

Облустар боюнча ала турган болсок:

Ысык-Көл облусунда-238

Нарын облусунда-167

Талас облусу -116

Баткен облусунда-200

Ош облусунда -488

Чүй облусунда-396

Жалал-Абад облусунда-426

Ош шаарында -73

Бишкек шаарында -234

Ошондой эле Кыргызстандын чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 37 шайлоо участкалары уюштурулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!