Сапар Исаков Астанага барат

Сапар Исаков Астанага барат
18-Окт. 2017, Шаршемби, 15:03

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 18-октябрда жумушчу сапары менен Казакстанга барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, эки мамлекеттин өкмөт башчылары күн мурун телефон менен сүйлөшкөн.

10-октябрда кыргыз-казак чек арасында казак тарап күтүүсүз эле чек арадан өтүү процессин оорлотуп, натыйжада унаалардын жана жарандын узун кезеги пайда болгон. Эки өлкөнүн чек арасындагы чыңалган абал өзгөрүүсүз бойдон калууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!