БШК шайлоо жыйынтыгын кол менен санап бүттү

 БШК шайлоо жыйынтыгын кол менен санап бүттү
19-Окт. 2017, Бейшемби, 14:35

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышкан талапкерлерге жарандардын добуш берген бюллетендерин кол менен санап чыккандан кийинки жыйынтыгын жарыялады.

Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Ага ылайык, бюллетендерди кол саноодон өткөргөндөн кийинки жыйынтыгы төмөндөгүдөй болгон:

№1 Эрнис Зарлыков — 0,09%,

№2 Токтайым Уметалиева — 0,09%,

№3 Темир Сариев — 2,57%,

№4 Улукбек Кочкоров — 0,5%,

№5 Таалатбек Масадыков — 0,64%,

№6 Өмүрбек Бабанов — 33,7%,

№7 Арстанбек Абдылдаев — 0,12%,

№8 Азимбек Бекназаров — 0,16%,

№9 Сооронбай Жээнбеков — 54,74%,

№10 Адахан Мадумаров — 6,55%,

№12 Арсланбек Малиев — 0,1%.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2375, чет өлкөлөрдө 37 участкалык шайлоо комиссиясы ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!