Атамбаев менен Путин ЕАЭБдеги маселелерди талкуулады

Атамбаев менен Путин ЕАЭБдеги маселелерди талкуулады
20-Окт. 2017, Жума, 14:16

Кечээ,19-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгындагы маанилүү маселелер тууралуу баарлашты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, телефондук сүйлөшүүдө кыргыз-орус алакасындагы маанилүу жагдайлар ортого салынды.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев россиялык кесиптешине эки өлкө ортосундагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген. Уюмга Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Россия мүчө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!