Шайлоо: эки шайлоо тилкесиндеги добуш жокко чыгарылды

Шайлоо: эки шайлоо тилкесиндеги добуш жокко чыгарылды
23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 10:27

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы эки шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, Биринчи май районунда жайгашкан №1243 шайлоо тилкесиндеги автоматтык урнанын жыйынтыгы кабыл алынган эмес. Ошондой эле, Түркиянын Анкара шаарындагы шайлоо тилкесинде да добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Анкарада 9 шайлоо тилкесинде жабдыктар иштебей калган учурда мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бериле турчу чек жок добуш берүү жүргөн. 1243 шайлоо тилкесинде болсо, идентификациясы жок жаран добуш берген.

Белгилей кетсек, буга чейин да Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы төрт шайлоо тилкесиндеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу. БШКдан билдиргендей, жокко чыгарылган бюллетендер шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпейт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!