Вице-премьерликке Даир Кенекеевдин талапкерлиги сунушталууда

Вице-премьерликке Даир Кенекеевдин талапкерлиги сунушталууда
24-Окт. 2017, Шейшемби, 10:21

Өкмөттөгү коопсуздук, коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызматка Даир Кенекеевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуштаган.

Даир Кенекеев учурда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт.

Мурдагы вице-премьер министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү жол кырсыгынан каза болгондуктан кызмат орду бош турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!