Кенекеев вице-премьерлик кызматка бекиди

Кенекеев вице-премьерлик кызматка бекиди
26-Окт. 2017, Бейшемби, 09:47

Президент Алмазбек Атамбаев Даир Кенекеевди вице-премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер кызматына сунушталып жаткан Даир Кенекеевдин талапкерлигин жактырган.

Кенекеев өкмөттүн реалдуу секторун тейлеп жаткан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна барды. Ал эми Зилалиев жол кырсыгынан каза болгон Темир Жумакадыровдун ордун ээледи.

Эскерте кетсек, Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!