Ак үйдө кадрдык алмашуулар болду

Ак үйдө кадрдык алмашуулар болду
26-Окт. 2017, Бейшемби, 11:23

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турган Жеңиш Раззаков президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Алмазбек Курманалиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!