Атамбаев төрагага Куранды белек кылды

Атамбаев төрагага Куранды белек кылды
26-Окт. 2017, Бейшемби, 13:15

Бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда мамлекет башчысы төрагага Куран жана “Манас” китебин белекке тартуулады.

Жолугушууда мамлекет башчысы Жумабековду жаңы кызматы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Аны менен бирге президент төраганы кыргыз парламентин өнүктүрүүгө, парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним артарын белгиледи.

Белгилей кетсек, күн мурун Жогорку Кеңеш көпчүлүк коалиция сунуштаган Дастан Жумабековду төрага кылып шайлады. Ал эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш жана он жетинчи спикер болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!