БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады
30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:37

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

БШКнын ммалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, шайлоочулардын 54,22 пайызынын добушун Сооронбай Жээнбеков алган.

Президенттик такты үчүн ат салышкан талапкерлердин алган добушу төмөнкүдөй болду:

Сооронбай Жээнбеков — 920 620 добуш же 54,22%

Өмүрбек Бабанов — 568 665 добуш же 33,49%

Адахан Мадумаров — 110 284 добуш же 6,57%

Темир Сариев — 43 311 добуш же 2,55%

Таалатбек Масадыков — 10 803 добуш же 0,06%

Улукбек Кочкоров — 8 498 добуш же 0,50%

Азимбек Бекназаров — 2 743 добуш же 0,16%

Арстанбек Абдылдаев — 2 015 добуш же 0,12%

Арсланбек Малиев — 1 621 добуш же 0,10%

Эрнис Зарлыков — 1 554 добуш же 0,09%

Токтайым Үмөталиева — 1 473 добуш же 0,09%

Баарына каршы — 12 371 добуш же 0,73%

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Жалпы 11 талапкер ат салышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!