Жээнбековдун инаугурациясы 30-ноябрдан кечикпей өтөт

Жээнбековдун инаугурациясы 30-ноябрдан кечикпей өтөт
31-Окт. 2017, Шейшемби, 09:59

Кечээ, 30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, шайлоону өттү деп тааныды.

Анда талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайыздан ашык добушу менен президент болду. Эми Жээнбеков Жогорку Кеңеште эл алдында ант бериши керек.

Президенттик инаугурация шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, шайлоо жыйынтыгы расмий жарыялангандан тартып 30 күн ичинде болушу керек. Тактап айтканда инаугурация 30-ноябрдан кечикпей өтүшү керек.

Буга чейин Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөрү айтылган болчу.

Азыркы учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылы 1-декабрда болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!