Үч адамдын күрөө акчасы кайтарылып берилет

Үч адамдын күрөө акчасы кайтарылып берилет
31-Окт. 2017, Шейшемби, 11:48

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик такты үчүн ат салышкан үч талапкердин күрөөгө койгон бир миллион сому кайтарылып берилет.

Бул тууралуу күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн жыйында маалым болду. Маалыматка ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровго күрөөгө койгон бир миллион сому кайтарылып берилет.

Шайлоо мыйзамына ылайык, президенттикке талапкерлигин койгон жарандар мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес жарандын колун топтоп, ошондой эле күрөөгө бил миллион сом төлөшү шарт.

БШКнын атайын эсебине 18 талапкерден 17 миллион 650 миң сом түшкөн. Алардын бешөөсү талапкерликке катталбай калгандыктан акчалары кайтарылып берилген. Шайлоодо жалпысынан 11 талапкер ат салышты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!