Сауд Арабстандын жетекчиси Жээнбековду куттуктады

Сауд Арабстандын жетекчиси Жээнбековду куттуктады
3-Ноя. 2017, Жума, 10:04

Сауд Арабстандын королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбековду президент болуп шайланышы менен куттуктады.

Ал куттуктоосунда эки өлкө ортосундагы бир туугандык мамилелер мындан ары да бекемделе беришине тилектештигин билдирген.

“Сауд Арабстандын эли, өкмөтү жана өзүмдүн атыман Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалап, чоң кубаныч менен каалоо-тилектерди жолдойм. Кызматыңызда ийгиликтер жана жетишкендиктер болсун, Кыргызстанда туруктуулук орносун. Биздин сый-урматты кабыл алып коюуңуздар”, — деп айтылат Салман бин Абдульазиз Аль Сауддун телеграммасында.

Жаңыдан президенттикке шайланган Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи 24-ноябрда өтөрү болжонууда. Ал 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 54, 22 пайыз добушу менен жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!