Жээнбековдун инаугурациясы боюнча жарлык чыкты

Жээнбековдун инаугурациясы боюнча жарлык чыкты
3-Ноя. 2017, Жума, 14:14

Бүгүн, 3-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын өткөрүү боюнча комитет түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 24-ноябрь – жаңыдан шайланган Кыргызстандын президенти кызматына кирише турган күн катары аныкталды.

Жаңы президенттин кызматына расмий киришүүсү боюнча өтө турган салтанатуу иш-чараны өткөрүү жана уюштуруу комитетин президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов жетектейт.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 54,22 пайыз добушу менен жеңишке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!