Федерика Могерини Кыргызстанга келди

Федерика Могерини Кыргызстанга келди
9-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:13

Бүгүн, 9-ноябрда Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Кыргызстанга келди.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, расмий конок иш сапарынын учурунда президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушат.

Федерика Могериниге Европа биримдигине мүчө өлкөлөр менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандаты өткөн айда берилген.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн кечки саат 20:00дө Федерика Могерини менен премьер-министр Сапар Исаков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолугушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!