Президент Федерика Могерини кабыл алды

Президент Федерика Могерини кабыл алды
10-Ноя. 2017, Жума, 09:54

Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев Могериниге Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

Могерин өлкө жетекчисин президенттик шайлоонун ачык жана таза өткөнү менен куттуктады. Евро биримдиктин курамындагы өлкөлөр арасында Атамбаевдин Кыргызстанда демократияны жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы жөнүндө жакшы пикирлер бар экенин айтты. Аны менен бирге Европа биримдиги Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүү максатында жаңы келишимди кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Федерика Могерини ошондой эле премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуп, бир катар маселелер боюнча ой бөлүштү.

Эскерте кетсек, Федерика Могериниге Европа биримдигине мүчө өлкөлөр менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандаты өткөн айда берилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!