Атамбаев Путин менен жолугушту

Атамбаев Путин менен жолугушту
18-Ноя. 2017, Ишемби, 10:20

Президент Алмазбек Атамбаев күн мурун Россиянын Санкт-Петербург шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путиндин менен жолугушту.

Орус президенти кесиптеши Алмазбек Атамбаевдин алгачкы сапары дагы, акыркы сапары дагы Россияга жасалгандыгынын белгилүү бир символу бар экендигин белгиледи.

“Сиздин Кыргызстандын президенти кызматында иштеген мезгилде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин сапаты олуттуу өзгөргөндүгүн белгилөө мен үчүн абдан жагымдуу. Сиздин республика Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болду. Экономика, коопсуздук чөйрөлөрүндө эки тараптуу планда мамилелерибизди кыйла илгерилеттик, тышкы чек араларыбызды чыңдаганыбызды, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө кызматташууну айтып жатам”, -деди Путин.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн мамлекет башчылары буга чейин телефон аркылуу сүйлөшүп, Путин Атамбаевди Санкт-Петербург шаарында өтүүчү маданий иш-чарага чакырган. Бул иш-чара Санкт-Петербургда быйыл алтынчы ирет өткөрүлдү.

Саналуу күндөрдөн кийин президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы кызматын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР