Мөңгүлөрдү сактоочу петиция даярдалууда

Мөңгүлөрдү сактоочу петиция даярдалууда
18-Ноя. 2017, Ишемби, 13:49

Мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча кыргызстандык жарандар тарабынан петиция даярдалууда.

Петиция change.org сайтында жарыяланды. Ушул тапта петицияны 875 жаран колдогон. Анда президент Алмазбек Атамбаевге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койбоо чакырыгы айтылган.

Белгилей кетсек, өткөн аптада парламент депуттары тарабынан “Кумтөр” алтын кени жайгашкан аймактагы “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүн башка аймакка жылдырып, ордунда кен казуу иштерин жүргүзүүнү көздөгөн мыйзам колдоо тапкан. Бул сунушту өкмөт демилгелеген.

Коомчулук бул кадамды кескин сындап, мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча өз пикирлерин билдирип жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!