Инаугурация: иш план такталды (программа)

Инаугурация: иш план такталды (программа)
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 07:18

24-ноябрда боло турган жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине сарптала турган чыгым 8 миллион 404 миң сомго бааланды.

Бул күн мурун президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов төрагалык кылган жыйында маалым болду.

Адегенде инаугурацияга 13 млн. сомдон ашуун каражат сарпталары айтылган болчу.

Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы "Энесай" үйүндө болот.

Ага жалпысы болуп 450 конок катышат. Кыргыз Республикасынын Баатырлары, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чара Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсү, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси жана штандартын тапшыруу менен башталып, үч ирет артиллериялык залп атылат.

Андан ары мурдагы жана жаңы президенттер: Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратына келишип, тизилген ардактуу кароолдун коштоосунда Улуттук гвардиянын командачысы Алмазбек Карасартов өлкөнүн президенти — башкы кол башчысы кызматына киришип жаткан Сооронбай Жээнбековго рапорт берет.

Бул күнү борбор калаадагы негизги көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!