Путин «Манас», Мирзиёев «Данакер» менен сыйланды

Путин «Манас», Мирзиёев «Данакер» менен сыйланды
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:15

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвди «Данакер» ордени менен сыйлады.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка бүгүн, 22-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыктар жогоруда аталган эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, биримдикти өнүктүрүү, салт болуп калган жакын кошуналык мамилени бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!