Абдыгулов Зилалиевдин ордуна келет

Абдыгулов Зилалиевдин ордуна келет
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:39

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн вице-премьерлик кызматына сунушталып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер министр Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин колдоду.

Абдыгуловдун талапкерлигин өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган. Жыйынга катышкан депутаттардын 83ү макул деп добуш берди.

Буга чейин Улуттук банкты үч жыл жетектеп келген Абдыгулов биринчи вице-премьер министр кызматында үч ай иштеди.

Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кеткенден кийин орду бош турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!