Зилалиев Маммүлктү жетектейт

Зилалиев Маммүлктү жетектейт
24-Ноя. 2017, Жума, 06:25

Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков кызматынан бошотулду.

Дүйшөнбек Зилалиевдин ысымы акыркы үч айда көбүрөөк белгилүү болду. Лигласс, президенттик шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүү жана мөңгүлөр маселеси сыяктуу чуулуу иштерде аты көп айтылды.

44 жаштагы Зилалиев Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице премьер-министр кызматын үч ай аркалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!