Атамбаевдин алты жылына берилген алты баа

Атамбаевдин алты жылына берилген алты баа
24-Ноя. 2017, Жума, 06:53

Бүгүн, 24-ноябрда аз убакыттан кийин Алмазбек Атамбаев президенттик тактысын жаңы президентке өткөрүп бергени турат. “ZAMAN.KG” маалымат агенттиги Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык мамлекет башчылык кызматында аткарган иштерине саресеп салып, жетишкен ийгиликтери, кетирген кемчиликтери тууралуу саясий, коомдук ишмер, талдоочулардын пикирин сунуш кылат.

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук жана саясий ишмер: “Атамбаевдин өз ыктыры менен кетиши башка өлкөлөргө өрнөк болду”

-Эң башкысы Алмазбек Атамбаев алты жылда Конституцияны аткарып, мөөнөтүн узартууга аракет кылбай кетип жатат. Жаманбы-жакшыбы атаандаштыкта шайлоо өткөрдү. Дагы бир ийгилиги – 2020-жылдан кийин Кыргызстан толугу менен таза парламенттик башкарууга өтөбүз дегени. Бул эң жакшы нерсе. Өлкөбүздө стабилдүүлүк болду. Төңкөрүш кылып жиберем, бийликти тартып алам деген “баатырлар” өз ордун тапты.

Эми башка өңүтүн айта турган болсом, экономикалык сезилээрлик деле өзгөрүү болгон жок. Эч кандай реформа болгон жок. Муну ачык айтышыбыз керек. Ошол эле соттор, күч органдарында, мамлекеттик кызматтарда күчтүү реформа болгон жок. Мамлекеттик башкаруу системасы өзгөргөн жок. Демократиялык стандарттар, принциптер кирген жок. Бийликти финансылык борбордон четтетүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин башчыларын элдин шайлоосуна берүү, алардын өздөрүнүн бюджети болуп, ар бир аймак өзүнчө өнүгүшү керек болчу. Мындай чоң реформаларды жасаган жок.

Эң башкысы биз ыраазыбыз, тынч жол менен кетип жатат. Башка өлкөлөргө өрнөк болду.

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Атамбаев саясий маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөттү”

-Биринчиден, Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга дем берди. Биздин көчмөн философия, Манас атабыздан калган намысты кайра ордуна койду. Кыргыз эли үчүн эң башкы нерсе – намыс эмеспи. Кыргызстан менен башка мамлекеттер тең ата сүйлөшө тургандай, эсептеше тургандай абал түзүлдү. Биз, элибиз өзүбүздү сыйлап калдык.

Экинчиден, шайлоо өткөрүүдө биометрияны киргизди. Мурдагыдай карусель, добуштарды дүңүнөн берүү жоюлду.

Биз саясий эксперттер жаңы президент Сооронбай Жээнбековго Раиса Атамбаевага сыйлык берүү тууралуу сунуш беребиз. Анткени, биринчи леди жогорку саясий маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөттү. Жалаң гана медицина менен алек болуп, балдарга, балдар үйлөрүнө жардам берип, саясатка аралашкан жок. Жалпылап айтканда Алмазбек Атамбаев саясий маданияттын үлгүсүн калтырды.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, окумуштуу: «Атамбаев тарых илимине өзгөчө көңүл бурду»

-Алмазбек Атамбаев алты жыл аралыгында тарых илимине өзгөчө көңүл буруп, жакындан жардам бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз. Президенттик кызматка киришкенде тарых илимин өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча атайын жарлыгын чыгарып, кызматтан кетээр алдында да тарых илимине байланыштуу жарлыгы менен жыйынтыктап отурат.

6 жыл аралыгында Кыргыз кагантына арналып жыл сайын Эл аралык илимий конференция өткөрүүгө өзү демилгечи болуп, каражаттык колдоо көргөзүп келди. Жусуп Мамайга арналып 5 жолу Эл аралык илимий жыйын өткөрүүнүн да демилгечиси болуп, жыл сайын Кытайдагы кыргыз окумуштуулар Кыргызстандын облустарында, Бишкекте өткөрүлгөн иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштүн 100 жылдыгын эч тайсалдабай татыктуу өткөрүү, атайын мемориалдык эстелик куруу, ал жерге Россиянын президенти Владимир Путинди чакырып гүл чамбар койдуртуп, таазим эттиртүү буга чейинки президенттердин колунан келген эмес.

2016-жылды "Тарых жана маданият" жылы деп атап, өткөн жылы көп иш чаралар өткөнүнө бардыгыбыз күбө болдук. Быйылкы жылы ал уланып, Алтай тектүү элдердин башын коштуртуп, Кыргызстанды борборуна айландыралы деп "Алтай цивилизациясына" арналып өткөрүлгөн Эл аралык Форум өзгөчө белгилөөгө татыктуу. Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндун эки жолу Кыргызстанда өткөрүлүшү, ар бир эки жылда өткөрүлүп тураары көчмөн духтун кайра жаралышына зор өбөлгө болду.

Гүлжигит Исаков, жарандык коомдук өкүлү: “Минусунан плюсу көп болду”

-Атамбаев шайлоо жолу менен президенттик такка отурганда конъюнктура, өлкөдөгү жана аймактагы абал өтө курч болчу. Биздин өлкө бир эксперименттин субъекти болуп, калган өлкөлөр тарабынан "көрдүңөрбү, тынч болбосоңор Кыргызстандагыдай ызы-чуудан башыңар көтөрүлбөй калат" дегендей, жаман үлгү катары башка өлкөлөрдүн ички саясатында колдонулуучу коркутуу инструментине айланып калдык эле.

2011-2014 ж.ж. ички интригаларды жайгаруу, бийликти бекемдөө, тосмолорду ашууларды, митингдерди жайгаруу, жол тосууларды чечүү ж.б. маселелерди чечүүгө көп убакыт, энергия жумшалды. Муну менен биргеликте социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча рутиндүү иштер жасалды. Дүйнөдөгү саясий кризис, Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү маселелер, Сириядагы, Крымдагы абал, андан келип чыккан Орусияга каршы кабыл алынган санкциялар, анын кесепетинин биздин экономикага дагы тийиши, экономиканы диверсификациялоо муктаждыгын туудурду. Бирок ал кыска мөөнөттө мүмкүн эмес болчу. Күү менен ЕАЭБге кирдик, "солго бассаң өзүң өлөсүң, оңго бассаң атың өлөт" коркунучу менен. Тышкы саясатта дагы, ички саясатта дагы абал оор болчу. Социалдык-экономикалык абалдын курчтугу эч качан актуалдуулугун жоготкон жок. Мына, ушулардын баарын эске алганда, алгачкы кадам ички саясатты турукташтыруудан башталды.

Экономикалык кризис деп отура бербей, Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жакшы деңгээлде өткөрүлдү. Уюштурууда кеткен каталарды дүйнөнүн бизге болгон назары, кызыгуусу жаап кетти. Акысыз жарнаманын натыйжасын орто жана узун мөөнөттө көрөбүз, буюрса. Атамбаев трибунаны туура колдоно билди жана ошол эле убакта ири өнөктөшүбүз менен мамилени сактап калды. Кошуна Өзбекстан менен мамилелер оңолду жана 6 жылда жасалбаган иштер кыска мөөнөттө ордунан жылды. Акыркы шайлоо учурунда улуттук кызыкчылыкты сактап калуу үчүн акыйкатты балп этти, эмоцияга алдырды. Минусунан плюсу көп болду. Сөздөрү кошуналардын жүрөктөрүндө түнөк тапты жана бул жагдай ички ишибизге кол түрүп кийлигишкендерди чочутту.

Атамбаев президинттиктен кеткенден кийин дагы таасирлүү фигура бойдон кала берет, анткени феномен болду. Жүргүзгөн туура же ката саясатына жооп бергидей жооптуу орунда кала бермекчи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!