Атамбаев: "Соке досум, ак жолтой президент бол!"

Атамбаев:
24-Ноя. 2017, Жума, 12:48

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүу аземинде сөз сүйлөп, досуна өзү жазып келген каалоо-батасын айтып берди.

"Мен ушул Сооронбай Шариповичке, досума өз батамды берейин. Өзүм жаздым эле, өзүм окуп берейин. Оо, Жараткан! Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта. Душмандын жалаасынан сакта. Дос көрүнүп, кас болгондон, жаныңда жүрүп өч болгондон сакта. Соке, досум береке жаныңдан, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин. Аман бол, бактылуу бол! Элибизге ак жолтой ажо бол, Соке досум!",-деди Алмазбек Атамбаев.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бешинчи президенти. Кыргызстанда президент алты жылга шайланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!