Жээнбеков КСДП партиясына мүчөлүктөн чыкты

Жээнбеков КСДП партиясына мүчөлүктөн чыкты
25-Ноя. 2017, Ишемби, 11:17

Президент Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясына мүчөлүгүн токтотту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, укуктар Баш мыйзамдын 63-беренесинин, 3-пункту жана аталган партиянын 1994-жылы 24-сентябрындагы II съездинде бекитилген Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын уставынын 2.5 пунктуна ылайык токтотулду.

Буга байланыштуу арызды берген күндөн тартып, партиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме менен бардык иш-аракеттер жана билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДП партиясы Жээнбековду талапкер катары чыгарган. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына күн мурун расмий киришип, ант берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!