Атамбаевге "КРнын Баатыры" наамы ыйгарылды

Атамбаевге
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:17

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси жана “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку даражадагы наам ыйгарылды.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Наам Атамбаевдин элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн берилген.

Белгилей кетсек, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик ишине расмий киришиүү аземинде биринчи жарлыгы Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүүдөн башталарын айткан болчу.

Ушул күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү алты жыл башкарган соң бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!