Президент үч бийлик бутагынын жетекчилери менен жолугушту

Президент үч бийлик бутагынын жетекчилери менен жолугушту
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:37

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтин баардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгында бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи.

«Тиешелүү мыйзам чыгаруучу базабыз бар. Бизден иштеш жана ар бирибиздин милдетибизди так аткарыш гана талап кылынат. Биздин милдет – Кыргызстанды өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, экономиканы көтөрүү, улуттук кызыкчылыктарды коргоо. Бийликтин баардык бутактарында коррупцияга каршы күрөшкө болгон күчүбүздү жумшоо», - деп белгиледи президент.

Ал ошондой эле парламент аткаруучу бийликке бардык жагынан жардам берип, элге жана мамлекетке керектүү жана маанилүү долбоорлорду колдоп туруш керектигин белгиледи. Ошондой эле өкмөттө да уланта турган, ийгиликтүү жыйынтыкты талап кылган, калктын жашоосун жакшырткан социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бир канча долбоорлору бар. Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздашы керек.

Пикир алмашуудан кийин мамлекет башчысы жакын арада ар бир бийлик бутагынын артыкчылыктуу маселелерин жана багыттарын терең талкуулоо үчүн өзүнчө жолугушуу өткөрүү ниетин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!