Президент өзүнө жардамчы дайындады

Президент өзүнө жардамчы дайындады
27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 14:47

Эрнис Толтоев президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өлкө башчысы Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эрнис Толтоев 31 жашта. Буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаты, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө, айыл өкмөт башчысы, премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу, ошондой эле, кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бекбоев буга чейин Айыл чарба министрлигин жетектеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!