Бажы кызматына жаңы орун басар келди

Бажы кызматына жаңы орун басар келди
28-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:07

Нурлан Ражабалиев Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Раим миллион» деген каймана ат менен белгилүү болгон бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов өткөн аптада кызматынан алынган. Анын дарегине бир топ жылдардан бери сын айтылып келет. Ал бажы кызматында дээрлик чейрек кылым иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!