Президент ЖККУнун мааракесине катышат

Президент ЖККУнун мааракесине катышат
29-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:40

Бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Россия тараптын чакрыуусу боюнча Москва шаарына барды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, орус президенти Владимир Путин менен жолугушат. Анда кыргыз-орус мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, өз ара кызматташуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле президент Жээнбеков орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведов менен да кезигишет.

Эртең, 30-ноябрда Белоруссиянын Минск шаарына болуучу ЖККУнун 15 жылдык мааракесине катышат.

Москва сапары Сооронбай Жээнбековдун президент катары биринчи визити болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!