Биринчи вице-премьерликке ЖК депутаты барат

Биринчи вице-премьерликке ЖК депутаты барат
29-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:53

Өкмөттөгү биринчи вице-премьер-министри кызматына Жогорку Кеңештин депутаты келет.

Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда парламент жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 1-декабрда баш мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин бул маселе каралып, Жогорку Кеңештин депутаты барарын болжонууда.

Буга чейин өкмөттүн биринчи орун басарылыгына депутат Аскарбек Шадиев барары маалымдалган.

Баш мыйзамдагы өзгөртүлгөн беренеге ылайык, эгерде өкмөт мүчөлүгүнө ЖКнын депутаты бара турган болсо, бир эле учурда ал мандатын да сактап кала алат.

Эскерте кетсек, биринчи вице-премьер-министр кызматын акыркы үч айда Толкунбек Абдыгулов ээлеп турду. Ал вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!