Сапар Исаков Сочиге барат

Сапар Исаков Сочиге барат
30-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:28

Өкмөт башчы Сапар Исаков 30-ноябрь-1-декабрь күндөрү Россиянын Сочи шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 16-жыйынына катышат.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жыйынга чогулуп, андан ары расмий делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамда жолугушат.

Анда уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, долбоордук иштер, каржылык жактан камсыздоо маселелери талкууланат.

Сапар Исаков Сочи сапарында бир катар расмий жетекчилер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрду жүргүзөрү пландалган.

ШКУ жыйынынын соңунда документтерге кол коюулары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!