Өкмөт менен Жогорку Кеңештин укугу кеңейди

Өкмөт менен Жогорку Кеңештин укугу кеңейди
1-Дек. 2017, Жума, 11:06

2016-жылы 11-декабрдагы бүткүл элдик добуш берүүдө (референдум) кабыл алынган Конституциянын бир нече беренелери бүгүн, 1-декабрдан баштап күчүнө кирди.

«ZAMAN.KG» маалымат агенттиги күчүнө кирге турган беренелер кайсылар экени, алар кайсы бийлик бутагынын укуругун узартып, укугун кеңейтерин тизмектеди.

70-берене

Баш мыйзамдын бул беренесиндеги жаңы өзгөртүүгө ылайык, парламенттик көпчүлүктөгү фракциялардын андан чыгуу боюнча чечими фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен гана кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгышы үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт.

72-берене

Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугу сакталат.

75-берене

Бул беренедеги өзгөртүү боюнча, коалициянын парламенттик көпчүлүк макамын жоготушу Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ырастоо зарылдыгын жаратат.

81-берене

Бюджет, салыктарга байланыштуу мыйзамдар боюнча премьер-министр аны кол койбостон арка кайтарууну өтүнүп президентке кайрыла алат.

87-берене

Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет. Ошондой эле премьер-министр жумуштан бошотууну сунуш кылган өкмөт мүчөсүн беш жумушчу күндүн ичинде президент ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, өкмөт башчы парламенттеги көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин аны өз чечими менен бошотууга укуктуу болот.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында Баш мыйзамга өзгөртүу жана толуктоо киргизүү үчун референдум өткөн. Бүткүл элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Конституцияга 40 чамалуу толуктоо киргизилген. Алардын бир канчасы өткөн жылдан тарта күчүнө кирсе, калгандары бүгүнтөн тарта иштей баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!