Депутат биринчи вице-премьер-министр болду

Депутат биринчи вице-премьер-министр болду
6-Дек. 2017, Шаршемби, 10:16

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында өкмөттөгү биринчи вице-премьер министр кызматына парламенттеги “Бир бол” фракциясынан депутат Аскар Шадиевдин талапкерлиги жактырылды.

Жыйынга катышкан 98 депутаттын баары макул деген добуш берди.

Шадиевдин талапкерлигин өкмөт башчы Сапар Исаков тааныштырып, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу депутат биринчи вице-премьер-министр болуп жатканын белгиледи.

1-декабрда күчүнө кирген Баш мыйзамдагы беренеге ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты өкмөт мүчөсү болуп иштөө менен бирге депутаттык мандатын да сактап кала алат.

Мурдагы биринчи вице-премьер министр Толкунбек Абдыгулов вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келген. Зилалиев болсо мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчилигине барган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!