Исаков эки аял алууга каршы

Исаков эки аял алууга каршы
7-Дек. 2017, Бейшемби, 13:54

Премьер-министр Сапар Исаков өкмөт башчы кызматына келгендигинин 100 күндүгүнө арналган маалымат жыйынын өткөрдү.

Аткаруу бийлигинин жетекчиси өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу айтып, эки аял алууну колдобой турганын билдирди.

"Менин төрт кызым бар. Кыздарым мени абдан жакшы көрүшөт. Жумушка байланыштуу көп убактымды бөлө албайм. Көп аял алуу боюнча пикирге каршымын",-деди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Кыргыз саясатында эң жаш өкмөт делген Сапар Исаков баштаган өкмөт курамы ушул жылдын 25-августта шайланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!