Жээнбеков: «ТүркПА диалог жүргүзүүчү маанилүү аянтча болду»

Жээнбеков: «ТүркПА диалог жүргүзүүчү маанилүү аянтча болду»
9-Дек. 2017, Ишемби, 10:12

Президент Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын делегация башчылары менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташуунун негизинде түрк тилдүү мамлекеттер менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө абдан маани берээрин белгиледи.

“ТүркПА салыштырмалуу кыска мезгилдин аралыгында мамлекеттерибиздин парламенттери үчүн диалог жүргүзүүнүн маанилүү аянтчасы болуп калды. Уюмдун мүмкүнчүлүгү чоң жана ага карата эл аралык кызыгуу өсүп жатат”, -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге отурумга ардактуу мейман катары Өзбекстан делегациясынын жана ТүркПАда байкоочу- өлкө болуп саналган Венгрия делегациясынын катышып жаткандыгына канааттануусун билдирди.

ТүркПАнын делегация башчылары Сооронбай Жээнбековду президент кызматына шайланышы менен куттуктап, мамлекет башчысына жана жалпы Кыргызстанга ийгиликтерди каалашты. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жана ТүркПАнын алкагындагы кызматташуу ыкчам өнүгөөрүнө ишенимин билдиришти.

2018-жылы – ТүркПАнын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракесинин жылы Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!